Ссылки доступа

Нур-Султанда сот чечимдерине нааразы жарандар Жогорку соттун имаратынын алдына түнөштү


Нур-Султан шаарында сот чечимдерине нааразы болгон адамдардын тобу Жогорку соттун имаратынын алдына түнөштү.

Өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген 25 киши "адилетсиз" сот чечимдерин жокко чыгарууну талап кылып, Жогорку соттун төрагасы Жакип Асанов менен жолукмайынча кетпей тургандыктарын билдиришүүдө.

— Биз бул жерде кечээки саат 11ден бери турабыз. Асанов бизди кабыл алсын. Түнчүндө бир аял өзүн жаман сезип, тез жардам чакырдык, бирок ал келген жок, — деди Мадина Кукетаева аттуу акция катышуучуларынын бири.

Анын айтымында, Жогорку соттун алдында чогулгандардын арасында Алматыдан, Карагандадан, Чымкенттен, Атыраудан, Актөбөдөн жана Оролдон келгендер бар.

— Кечээ биздин алдыбызга төраганын кеңешчилери, канцеляриянын кызматкерлери чыгып, бизди судьялар менен жолуктурууну убадалашты. Бирок биз мындай убадалар аткарылбай турганын көргөнбүз. Ал эмес бул боюнча президенттин администрациясынын алдында да комиссия түзүлүп, мсаселебиз чечилген эмес. Асанов менен жолукмайынча тарабайбыз, — деди Кукетаева.

Алматы шаарынан келген активист Ильшат Кензин алдамчылыктын курмандыгы болуп калганын, он жылдан бери күнөөлүү адамды жазага тарттыра албай жатышканын билдирди. Анын айтымында, буга чейин Алматы шаардык соту айыпталуучуну актаган чечим чыгарган.

Жогорку соттун алдына чогулгандардын баары өздөрүнүн же жакындарынын иштери боюнча кайрадан тергөө жүргүзүүнү же сот чечимдеринин кайра каралышын талап кылып жатышат.

Быйыл февралда сот актыларына жана мамлекеттик органдардын чечимдерине нааразы болгон 40ка жакын киши президенттик администрациянын имаранын алдына чогулушкан. Алар бул чечимдерди кайрадан карап чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү талап кылышкан. Аларды кабыл алган президенттин жардамчысы Тамара Дуйсенова жумушчу топ түзүүнү жана анын курамына акция катышуучуларынын өкүлдөрүн киргизүүнү убадалаган.

Сот чечимдерине нааразы болгон адамдар тобу бир нече жылдан бери Алматы жана Нур-Султан шаарларында аткаминерлер менен жолугуп, акцияларды өткөрүп келишет. Мындан тышкары бийликтеги "Нур Отан" партиясынын кеңсесине барып, өлкө жетекчилигинин дарегине жамааттык каттарды да жазышкан.

XS
SM
MD
LG