Ссылки доступа

Тажикстанда соцтармактагы билдирүүсү үчүн юрист 5,5 жылга соттолду


Абдулмажид Ризоев

Душанбе шаарынын Шохмансур райондук соту Facebook социалдык түйүнүндөгү билдирүүсү үчүн юрист Абдулмажид Ризоевди 5,5 жылга эркинен ажыратты.

Сот 14-июнда чыккан өкүм боюнча азырынча расмий билдирүү тарата элек.

Ризоевдин адвокаты Дилафруз Самадованын айтымында, сот юристтин соцтармактагы билдирүүлөрүн "экстремисттик" деп тапты.

"Прокуратура Ризоевдин Facebook’тагы бир нече билдирүүсүнө анализ жүргүзүп, аны "улуттук коопсуздукту туруксуздаштырышы мүмкүн болгон экстремисттик ишмердүүлүккө чакырууга" айыпташкан. Прокурор анын "Акылдуу өкмөт нааразылыктардын себептери менен күрөшөт, наадан бийлик нааразылыкка чыккандар менен күрөшөт" деген билдирүүсүн жашыруун экстремизм деп атаган", — деди адвокат.

Ал Ризоев күнөөсүз экенин жана ал эч кандай мыйзамды бузбаганын кошумчалады.

Кезинде "Ампаро" укук коргоо уюмунда эмгектенген Абдумажид Ризоев акыркы жылдары жарандарга юридикалык кеңеш берген "Дурахшон гурух" коомдук бирикмесинде иштеп келген.

Тажикстанда 2016-жылы Кылмыш кодексине "экстремизм менен терроризмди ачык актоо" түшүнүгү киргизилген. Андан бери интернеттеги мындай мазмундагы билдирүүлөргө "лайк" койгондор экстремизмди актоо жана экстремисттик идеяларды пропагандалоого айыпталып келишет.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG