Ссылки доступа

Тажикстанда бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсүн өлтүргөн кылмышкерлер кармала элек


Хатлон облусундагы Жайхун району

Хатлон облусунун Жайхун районунда бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсүнүн мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча бир нече киши сурак берди. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкери билдирди.

Анын айтымында, бирок азырынча бул иштин алкагында шектүүлөр да, кармалгандар да жок.

«Милиция жана прокуратура кызматкерлери кылмыштын чоо-жайын аныктоо иштерин улантып жатышат. Тергөөчүлөр каза болгондор акыркы айларда кимдер менен көбүрөөк байланышта болгонун аныктоо үчүн алардын телефондорун карап чыгышты. Маркумдардын коңшулары менен жакындары суракка алынып, үй-бүлөнүн ыктымал душмандары такталууда. Бир нече киши кылмышка шектелип жатат, бирок азырынча кармалгандар жок», — деди ИИМ кызматкери.

Анын айтымында, күн мурун өлкөнүн ички иштер министри Рамазон Рахимзода атайын түзүлгөн тергөө тобунун ишин кескин сындап, үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүргөндөрдү тез арада табууну тапшырган.

Хатлон облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлү бир нече киши кылмышка шектелип жатканын, бирок далилдер жетишсиз болгондуктан, алар кармала электигин билдирди. “Биздин кызматкерлер кылмышкерлерди табуу үчүн күнү-түнү иштеп жатышат”», — деп кошумчалады ал.

12-июнда белгисиз кишилер Жайхун районуна караштуу Таргок айылынын 39 жаштагы тургуну Ахлиддин Махмадовду жана анын үч баласын балта же орок менен өлтүрүп кетишкен. Үй ээсинин аялы менен 11 жаштагы дагы бир баласы аман калган. Азыр алар дарыгерлердин көзөмөлүндө ооруканада жатышат.

Бул факты боюнча «Өзгөчө мыкаачылык менен эки же андан көп адамды өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Мыкаачылык менен жасалган бул кылмыш коомдук резонанс жаратып, соцтармак колдонуучулары тез арада кылмыштын бетин ача албаганы үчүн милиция кызматкерлерин сынга алышкан.

Азырынча кылмышкерлер үй-бүлө мүчөлөрүн эмне себептен өлтүргөнү белгисиз. Ахлиддин Махмадовдун жакындары тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук болбосун деп журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартып жатышат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Махмадовдун үй-бүлөсү бай деле жашачу эмес.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG