Ссылки доступа

БУУ өзбек өкмөтүн мурдагы дипломатты түрмөдөн бошотууга үндөдү


БУУнун Ыксыз амоолор боюнча жумуш тобу мурдагы дипломат, Өзбекстанда камакта отурган Кодиржон Юсуповдун иши боюнча өз бүтүмүн жарыялады.

15 барактан турган бүтүмдө адилетсиз түрдө соттолгон Юсупов түрмөдө оор шартта кармалып турганы, укуктары бузулуп жатканы белгиленген.

68 жаштагы Кодиржон Юсупов тышкы иштер министрлигинен кеткенден он жыл өткөн соң – 2018-жылы мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, беш жарым жылга соттолгон.

Дипломаттын үй-бүлөсү БУУга арыз менен кайрылып, ал түрмөдө оор шартта кармалып турганына даттанган.

Документте Навои облусундагы колонияда жазасын өтөп жаткан Юсупов апрелде 14 күнгө айып изоляторуна киргизилгени, курт-кумурскаларга толгон ал жер өтө тар экени, төшөнчү берилбегени, ажаткананын жоктугу жазылган.

БУУнун Жумуш тобу өз бүтүмүндө Өзбекстан өкмөтүн коронавирус инфекциясынын жайылышына байланышуу Кодиржон Юсуповду тезинен түрөдөн тергөө абагына которууга чакырган.

XS
SM
MD
LG