Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттигинин маалыматына караганда, «Metropol Group» жоопкерчилиги чектелген коому тендерде жеңүүчү аталган.
Өзбек басылмалары «Metropol Group» компаниясынын ээси Камилов Данияр Абдулазизович экенин жазышты.
Д.Камилов Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун уулу.
Буга чейин атайын кызматтын Ташкенттеги мурдагы башкы кеңсеси аукционго коюлары, баштапкы баасы 1 сум экени айтылган.