Ссылки доступа

Өлкөдө суунун тартыштыгынан түшүм күйүп кетүү коркунучунда (видео)


Өлкөдө фермерлер сугат суу менен камсыздоону талап кылышууда. Эгер жакын арада суу болбосо, түшүм болбойт. Айыл чарба өндүрүүчүлөрү өлкө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.

В Кыргызстане из-за нехватки воды может погибнуть урожай
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

Анатолий Косарев сугат суу үчүн бир айдан бери кезекте турат. Ал эккен жүгөрү өтө көп жер семирткичти жана мол сууну талап кылат. Биринчиси үчүн ал акча аяган эмес, бирок суунун жоктугунан эмгеги талаага кетүү коркунучунда.

"Бир жумалык гана мөөнөт калды, андан кийин түшүм өлөт. Суу жетпей жатат, жер кургак, өспөй калат. Өтө кайгырып жатам. Канча акча жумшадым, эч ким аны кайтарып бербейт", –деди чүйлүк фермер Анатолий Косарев.

Ал жашаган аймакта эле эки миң гектар жер “суусап” турат. Жергиликтүү каналда суу былтыркыга салыштырмалуу үч эсеге аз. Дыйкандар жыл кургакчыл болушу ыктымал деп, алдын ала жер алдындагы сууну өйдөлөтүп, арык түптөшкөн. Бирок талаалардын баарына суу жетпей жатат.

“30 пайызы күйүп кетти. Алар эми ойдогудай түшүм ала алышпайт. Кризистик абал. Бул Кыргызстандын азык түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратат”, – деп эсептейт Суу колдонуучулар ассоциациясынын директору Майрамбек Беркутбаев.

Сугат суу учурда Чүй облусунун бардык аймактарында тартыш. Акыркы күндөрү фермерлер бул маселени чечүүнү, коңшу өлкөгө суу берүүнү токтотууну талап кылып Бишкекте эки жолу митинг уюштурушкан. Бирок өкмөт айыптоолорду четке кагууда.

"1983-жылдагы токтомго ылайык Чу дарыясы Кыргызстанга эле эле таандык эмес, биз аны Казакстан менен бөлүшөбүз. Бизге суунун 58% тишелеүү, 42% казак тарап алып кетет. Тилекке каршы, ушул тапта суу бизге эле эмес аларга да жетпей жатат", – деди суу ресурстар агенттигинин башчысы Алмаз Сокеев.

Жогорку Кеңештин депутаттары сугат суу маселеси жана антикризистик чаралар боюнча 17-июнда парламентке маалымат берүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өзү келбегенине нааразы болушкан. Бир катар депутаттар Кыргызстанда сугат суу тартыш болуп, дыйкандардын чарбасы күйүп жатканын, азык-түлүктүн баасы күн сайын өсүп баратканын айтып, суроолорго Мариповдун өзү жооп беришин талап кылышкан. Эгерде ишти жөндөй албаса аны кызматтан кетирүү сунушу да айтылган.

Видео

Видео

«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00
XS
SM
MD
LG