Ссылки доступа

Кытай үч астронавтын биринчи жолу жаңы космостук станциясына учурду


56 жаштагы Не Хайшэн, 54 жаштагы Лю Бомин жана 45теги Тан Хунбо "Тяньгун" ("Асмандагы хансарай") деп аталган жаңы станцияда үч ай болушат. Үч астронавтын ичинен Хунбо гана буга чейин космоско учкан эмес.

Кытай үч астронавттан турган экипажын алгач ирет жарым-жартылай курулуп бүткөн жаңы космостук станциясына учурду. "Шэньчжоу-12" космостук кемесин "Чанчжэн-2F" ракетасы 17-июнда Гоби чөлүндөгү космодромдон орбитага алып чыкты. Бул Кытайдын соңку беш жыл ичиндеги биринчи космостук миссиясы болуп калды.

Бул миссиянын алкагында австронавттар эки жолу ачык космоско чыгып, станциянын ишин камсыз кылуучу технологияларды жана таштандыларды жок кылуучу системаны текшерүү сыяктуу бир нече тапшырманы аткарышы керек.

"Тяньгун" станциясынын негизги бөлүктөрү быйыл апрель айында космоско учурулган. Анда космонавттар жашай турган бөлмө, станциянын ишин камсыз кылуучу жабдыктар жана башкаруучу система бар. Алдыдагы эки жыл ичинде станцияга эки лаборатория жөнөтүлөт. Анда Кытайдын космостук станциясынын жалпы салмагы 100 тоннага жетет.

Эгер Кытайдын бул дымактуу долбоору ишке ашса, анда "Тяньгун" "Мир" жана Эл аралык космостук станциядан кийинки космостогу үчүнчү туруктуу станция болуп калат.

XS
SM
MD
LG