Ссылки доступа

Казакстанда активисттин өлүмүнө айыпталгандарды актаган өкүм боюнча апелляциялык арыз жазылды


Казакстанда жарандык активист Галы Бактыбаевдин өлүмүнө айыпталгандарды актаган сот арачыларынын чечими боюнча апелляциялык арыз жазылды.

Жабырлануучу тарап сот чечимин жокко чыгарууну жана ишти кайра кароого жөнөтүүнү өтүнүүдө.

Буга чейин айыпталуучулар үчүн катаал жаза сураган прокуратура да ушундай эле доо арыз менен Караганда облустук сотуна кайрылды. Бул маалыматты облустук соттун басма сөз кызматы ырастады.

1-июнда сот арачылары бул иш боюнча чечим кабыл алып, активисттин өлүмүн уюштурууга айыпталган 42 жаштагы мурдагы полиция кызматкери Галым Ахмеджанов менен 41 жаштагы ишкер Азамат Букенаевди актаган. Сот арачылары бир добуштан кылмыштын буйрутма экени далилденбегенин, бул кишилердин активисттин өлүмүнө тиешеси жок экенин билдиришкен. Жыйынтыгында сот Ахмеджанов менен Букенаевди эркиндикке чыгаруу чечимин кабыл алган.

Мындан тышкары сот арачылары кылмыштын аткаруучусу экени айтылган 29 жаштагы Иман Мияшовду бул эпизод боюнча күнөөсүз деп табышкан. Ал Бактыбаевди анын өлүмүнөн бир нече ай мурда сабоого жана жергиликтүү жашоочулардын терезелерине ок атууга күнөөлүү деп табылган. Бул аракеттери үчүн ал беш жылга эркинен ажыратылган.

Жарыш сөздүн жүрүшүндө прокурор менен жабырлануучулар соттолуучулардын күнөөлөрү «толук далилденгенин» айтып, аларды абакка отургузууну өтүнүшкөн. Негизги айыпталуучулар тергөө активисттин өлүмүнүн башка версияларын карабаганын билдирип, аларды актоону суранышкан.

59 жаштагы активист жана коомдук ишмер Галы Бактыбаев 2019-жылы майдын аягында өз үйүнүн кире беришинде атып өлтүрүлгөн.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG