Ссылки доступа

Депутат: "Коопсуз шаар" боюнча аткаминерлердин 7 миң айып пулу кечилген


"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында салынган 7 миң айып пул боюнча карыздар кечилген. Бул тууралуу "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендерди өткөрүүнүн мыйзамдуулугун текшерип жаткан парламенттик комиссиянын жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди.

"Мага жеткен маалыматтар боюнча 7 миң айып пул боюнча карыздар кечилген. Кийинки жыйынга кимдин карыздары жана эмненин негизинде кечилгени тууралуу маалыматты даярдап беришиңерди өтүнөм. Карапайым адамдар төлөп, аткаминерлер төлөбөй коюуда. Мындай болбошу керек", — деди ал.

Депутат карыздарды кечкен адамдардын жоопкерчилиги каралашы зарыл экенин кошумчалады.

Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабы 2019-жылы февраль айында иштей баштаган. Аны ишке ашырган орусиялык "Вега" компаниясы 35 миллион долларга Бишкек менен Чүйдөгү жолдорго 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Анын 90у стационардык, 20сы көчмө аппараттар болгон. Кийинчерээк бул камералардын саны көбөйгөн.

27-майда "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендерди өткөрүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын алкагында депутаттар коопсуз шаар долбоору үчүн жарыяланган тендердин мыйзамдуулугунан баштап "Вега" компаниясынын аткарган ишин жана анын сапатын текшерет.

Видео

Видео

«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00
XS
SM
MD
LG