Ссылки доступа

Түркмөнстанда газ үчүн карызы барлар арзан азык-түлүккө кезекке туруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылат


Түркмөнстандын Лебап облусунда жашоочулар газга болгон карызы үчүн азык-түлүк сатып алуу укугунан чектелди. Бийлик аларга көгүлтүр отун берүүнү токтотуп, мүлкүн конфискациялап алабыз деп коркутууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, газга карыз миңдеген кишилер жеңилдетилген баада ун, май жана шекер сатып ала албай калат.

Көгүлтүр отун үчүн көбүнчө аз камсыз үй-бүлөлөр жана майыптыгы бар адамдар карыз.

Бул арада өлкөдө азык-түлүк кымбаттап, мамлекеттик норма кыскарууда.

Маселен, январда ундун бир киши үчүн бир айлык нормасы беш килограммга чейин кыскарган.

Түркмөнстан аныкталган газ запасы боюнча дүйнөдө төртүнчү, газ кендеринин көлөмү боюнча экинчи орунда турат. Табигый жаратылыш ресурстарына бай болгону менен бир нече жылдан бери өлкө экономикасы каатчылыкка кептелип, азык-түлүк тартыш.

Видео

Видео

Талас: чек арада жоголгон жылкы табылбайт
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:01 0:00
XS
SM
MD
LG