Ссылки доступа

Тажикстанда кыйноого айыпталган үч милиция кызматкери соттолду


Хасан Ёдгоров
Хасан Ёдгоров

Тажикстандын Жогорку соту Турсунзаде шаарынын жашоочусу Хасан Ёдгоровго кыйноо көрсөткөн үч милиция кызматкерине карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, Турсунзаде шаарынын "Пахтаобод" милиция бөлүмүнүн ага кызматкери Шерали Азизов 13 жылга, Турсунзаде шаардык ички иштер бөлүмүнүн ага кызматкери Саъди Давлатмуродзода 12 жылга жана Тажикстан Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын ага кызматкери Эраж Наимов 10 жылга кесилди.

2017-жылы ноябрда Турсунзаде шаарында ижарага алып жашап жүргөн батиринен официант Дмитрий Каримовдун сөөгү табылган. Бул факт боюнча алгач Хасан Ёдгоров аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Кийинчерээк официантты Леонид Мальченков аттуу адам өлтүргөнү аныкталып, 2018-жылы ал 21 жылга соттолгон.

Буга чейин Хасан Ёдгоров "Азаттыктын" тажик кызматына маек куруп, кыйноого алынганын, буга байланыштуу күнөөнү мойнуна алууга аргасыз болгонун билдирген. "Мени төрт жолу электр тогу менен кыйнашкан. Чыдабай, өзүмө каршы документке кол коюп берүүгө аргасыз болгом", – деген ал.

Айыпталуучулардын иши үч жылдан ашык убакыт каралган. Тажикстандын Жогорку соту 2019-жылы кошумча иликтөө үчүн ишти Башкы прокуратурага кайтарып, бүтүм колго тийгенден кийин, 17-мартта ишти кайра кароо башталган.

Кыйноого каршы коалициянын адвокаттары билдиргендей, кошумча тергөө учурунда "Едгоровдун денесиндеги кыйноонун белгилери сакталып калганы” аныкталган.

XS
SM
MD
LG