Ссылки доступа

Ташкентте таэквандо боюнча улуттук кураманын мурдагы машыктыруучусу бычак жеп каза болду


Ташкентте Өзбекстандын таэквандо боюнча улуттук курама командасынын Түштүк Кореядан келген мурдагы машыктыруучусу бычактан алган жаракаттан улам каза болду. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы (ИИБ) кабарлады.

Маалыматка караганда, быйыл 15-июнда баш калаанын Чиланзар районунда Түштүк Кореянын К.Д. аттуу 44 жаштагы жараны мас абалында 39 жаштагы мекендеши, Taekwondo WTF ассоциациясынын машыктыруучусу К.Ж.Ю менен урушуп кетип, ага бир нече жолу бычак сайган.

Жабырлануучу дароо ооруканага жеткирилип, бирок медицина кызматкерлеринин көргөн аракеттерине карабастан эртеси каза болуп калган.

Ташкент шаардык ИИБси бул кылмышка шектүү катары К.Д. аттуу жаранды кармап, ага каршы "Атайылап адамдын денесине оор жаракат келтирүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери уланууда.

Видео

Видео

«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00
XS
SM
MD
LG