Ссылки доступа

Конституциялык кеңеш Назарбаев менен Токаевдин кызматташуусун натыйжалуу деп баалады


Казакстанда Элбасы менен президент институтунун биргеликте иштешүүсү натыйжалуулугун көрсөтүү, бул өзгөчө коронавирус пандемиясы учурунда байкалды. Бул тууралуу 21-июнда Конституциялык кеңештин төрагасы Кайрат Мами парламент жыйынында билдирди.

"Мамлекет башчынын иш-аракеттери Элбасынын мамлекетти мындан ары өнүктүрүү жөнүндөгү стратегиялары айкалышып жатканын тастыктайт. Алар стратегиялык пландоонун негизги документтеринде камтылган", -деди Мами.

Анын айтымында, январда өткөн парламенттик шайлоо эпидемиологиялык оор абалга карабай, мыйзам чегинде өттү. ЕККУнун байкоочулары 10-январдагы шайлоо мурдагыдай эле адилетсиз болгонун белгилешкен.

Казакстандын Конституциялык кеңешинде сегиз киши бар. Өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев ага өмүр бою мүчө.

Назарбаевдин мурдагы үзөңгүлөшү, Жогорку соттун мурдагы төрагасы жана мурдагы башкы прокурор Кайрат Мами Конституциялык кеңешти 2017-жылдан бери жетектейт.

2019-жылы өлкөнү отуз жылга чукул убакыт башкарган Нурсултан Назарбаевдин отставкага кеткенден кийин да саясатка аралашуусу, эл арасында "кош бийлик орноду" деген сөздүн тарашына себеп болгон. Айрым талдоочулар "кош бийлик орноду дегенден көрө бийлик Назарбаевдин колунда калды" деген божомол чындыкка көбүрөөк дал келет деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG