Ссылки доступа

Өзбекстанда милиция студенттерди жаңы түзүлгөн партияларга мүчө болбоого чакырууда


«Акыйкат жана өнүгүү» партиясынын лидери, Термез мамлекеттик университетинин мурдагы ректору Хидирназар Аллакулов.
«Акыйкат жана өнүгүү» партиясынын лидери, Термез мамлекеттик университетинин мурдагы ректору Хидирназар Аллакулов.

Өзбекстанда укук коргоо органдарынын кызматкерлери жогорку окуу жайларда студенттер менен жолугушууларды өткөрүп, аларды жаңы түзүлгөн партияларга мүчө болбоого чакырып жатышат.

Бул тууралуу «Озодлик» радиосу Термез мамлекеттик университетинин анонимдүү кайрылган студенттеринин айткандарына шилтеме кылып кабарлады.

– «Акыйкат жана өнүгүү» партиясынын лидери Хидирназар Аллакулов биздин университеттин ректору болгон. Ошондуктан окутуучулардын да, студенттердин да арасында анын абройу бийик. Азыр бизге укук коргоо кызматкерлери келип, анын партиясы "биз үчүн жат элемент" экенин айтып, ага кошулбоого үгүттөп жатышат, – деди аталган университеттин студенттеринин бири.

Термез мамлекеттик университетинин жаштар менен иштешкен кызматкери укук коргоо кызматкерлери Жаштар фестивалынын алкагында студенттер менен жолукканын ырастап, бирок анда саясий партияларга мүчө болбоо чакырыктары айтылбагынын билдирди.

– Жолугушуу маалында студенттерди түрдүү диний агымдарга кошулбоого чакырышты. Саясий партиялар жөнүндө эч кандай сөз болгон жок, – деди ал.

Ал ортодо Хорезм жана Бухара облустарындагы жогорку окуу жайларда да укук коргоо кызматкерлери студенттер менен жолугушууларды өткөрүп, жаңы түзүлгөн партияларга мүчө болуп кирбөөгө чакырып жатышканы айтылууда.

Буга чейин Өзбекстанда жаңы түзүлгөн “Акыйкат жана өнүгүү” партиясынын катарына кошулган студенттер эл алдында уяткарылганы кабарланган.​

Аймактагы өз булактардын билдиришинче, жергиликтүү бийлик менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аталган партияга кол топтогондорду катуу көзөмөлдөп, тарапташтарын партия мүчөлүгүнөн чыгууга мажбурлоого аракет кылып келишет.

Буга чейин Өзбекстандагы алгачкы оппозициялык партия эсептелген «Эрк» саясий партиясы президенттик кызматка мурдагы ырчы Жахонгир Атажановдун талапкерлигин көрсөтө турганын билдирген. Көп өтпөй 26-майда белгисиз адамдар партиянын курултайы өтүп жаткан Атажановдун үйүнө кирип барып, чыр чыгарышкан.

Атажановдун прокуратурага арыз менен кайрылганына карабай, анын үйүнө кирип барып жаңжал чыгаргандар бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Тескерисинче, партиянын курултайына катышкан адамдар жапырт түрдө суракка чакырыла баштаган. Атажанов өзү да Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгында төрт саат сурак берип чыккан.

Шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, Өзбекстанда президенттик кызматка саясий партиялар гана талапкер көрсөтө алышат. Буга чейин Жахонгир Атажанов сыяктуу бир катар активисттердин Өзбекстанда оппозициялык партия түзүү аракеттери да каршылыктарды жараткан.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл октябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG