Ссылки доступа

Тажикстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы учурлар аныкталганын ырастады


Душанбедеги "Истиклол" медициналык борбору
Душанбедеги "Истиклол" медициналык борбору

Жыл башынан бери коронавирус жуктурган бир да жаңы учур каттала электигин билдирип келаткан Тажикстандын бийлиги өлкөдө COVID-19 инфекциясы бар экенин ырастады.

21-июнда Коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча республикалык штаб өлкөнүн медициналык мекемелеринде илдетти жуктурган жаңы бейтаптар аныкталганын билдирди.

12-июнда "Озоди" радиосу дарыгерлердин жана бейтаптардын жакындарынын айткандарына таянып, өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы учурлар катталганын кабарлаган.

Ошол эле күнү "Азия-Плюс" маалымат агенттиги "Диамед" аттуу жеке лабораторияга шилтеме кылып, 8-июнда Душанбеде эле бери дегенде 100 кишиден коронавирус аныкталганын жазган.

Бирок Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматтарды негизсиз деп атап, өлкөдө коронавирус жуктургандар жок экенин билдирген. Ага чейин мекеменин басма сөз катчысы бир нече кишиден COVID-19дун белгилери байкалганын ырастап, бирок алардын тесттери таза чыкканын айткан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери Тажикстанда 13 308 кишиге коронавирус жугуп, 90 бейтап каза болду. Бирок көз карандысыз булактар өлкөдө бул илдетке кабылгандар жана андан көз жумгандар расмий статистикада көрсөтүлгөндөн кыйла көп экенин билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG