Ссылки доступа

Казакстанда коронавирустун "индиялык штаммына" байланыштуу чектөө чаралары күчөтүлүшү мүмкүн


22-июнда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өлкөдө “индиялык штаммдын” белгилери байкалган вирустун мутациясы аныкталганына байланыштуу Нур-Султанда санитардык-эпидемиологиялык талапты күчөтүүнү тапшырды.

- Белгилүү болгондой, борбор калаада коронавирустун дельта-штаммга мүнөздүү болгон, тез жуккан жана тез өнүккөн, ошондой эле кесепеттери оорураак мутациясы аныкталды. Бүгүн санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүүнү иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнү тапшырам, – деди Мамин.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөт жыйынында коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн ооруканаларды керектүү жабдуулар, дары-дармектер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Нур-Султан коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча “кызыл” зонага кирет. Шаарда өткөн суткада вирус жуктурган 323 жаңы учур катталган.

XS
SM
MD
LG