Ссылки доступа

Мирзиёевдин сапарында аялдар "кийим тигүүчүнүн" ролун аткарышты


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Анжиян облусуна жасаган сапары учурунда жаңы ачылган трикотаж-кийим тигүү ишканасына барды.

“Оздоликтин” өз булактары билдиргендей, сапарга даярдык алдында жергиликтүү бийлик жакын маалелерден кыз-келиндерди алып келип, “кийим тигүүчүлөрдүн” ролун аткарууну тапшырган.

“Бул ишкана президент келерден бир күн мурун эле ачылган, ишке кирише элек. Президент кеткенден кийин бардык аялдар мурда иштеген жумуштарына кетишти”, деген өз булак.

Президенттин маалымат кызматы даярдаган видеорепортажда Мирзиёев And gold ишканасынын тигүүчүлөрүнө кайрылып жатып, алардын айлык маянасын бир нече эсеге көбөйтүүнү убадалаган.

​Расмий маалыматка караганда, And Gold ишканасы атайын долбоордун алкагында 2,5 миллион АКШ долларына курулган. Ушул тапта 830 аял иштей турганы айтылат. Жип жеткирүү боюнча Кытай жана Орусия менен келишим түзүлгөн.

“Оздоликтин” журналисти Мирзиёев менен кыска баарлашкан аялды тапкан. Нозима апа тигүүчү эмес, Избаскан районунун Бештерек маалесинде үй-бүлө жана аялдар маселеси боюнча иш алып барарын айткан. Ал Мирзиёев менен жолугушууга райондук акимчиликтин буйругу менен тигүү цехине 13 аялды алып барганын мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG