Ссылки доступа

Өзбекстанда "спорттук сыноолордун" жеңүүчүлөрүнө жеңилдиктер жана санаторийлерге жолдомолор берилет


Өзбекстанда 1-августтан тартып “спорттук сыноолор” өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө жайкы ден соолукту чыңдоочу лагерлер менен санаторийлерге жеңилдиктер жана жолдомолор бериле баштайт.

Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев кол койгон “Калктын физикалык даярдык деңгээлин баалоо системасын киргизүү тууралуу” токтомдо айтылат.

Ага ылайык, «спорттук сыноолор» өлкөнүн жети жаштан 70 жашка чейинки тургундарынын арасында өткөрүлүп, алардын физикалык даярдыгы аныкталат. Мелдештер кыска жана алыс аралыктарга чуркоо, сууда сүзүү жана турникке тартынуу сыяктуу спорттун 15 түрү боюнча өтөт.

Бул мелдештердин катышуучуларына 11 жаш курак боюнча спорттук разряддар, наамдар жана төш белгилер берилет.

Мындан тышкары жеңүүчүлөр үчүн сынаксыз аскердик-академиялык лицейлерге тапшыруу, бир жолу бекер медициналык кароодон өтүү, коомдук транспорттордо акысыз жүрүү, балдары жана өзү үчүн жайкы лагерлер менен эс алуу жайларына жолдомо алуу мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Тиешелүү мекемелерге 1-августка чейин спорттук мелдештердин платформасын жана катышуучулардын бирдиктүү электрондук базасын түзүү тапшырмасы берилди.

Былтыр ноябрда Мирзиёев калк арасында массалык спортту өнүктүрүүгө багытталган жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөдө жөө басуу, чуркоо, кичи-футбол, велоспорт, бадминтон, стритбол жана воркаут артыкчылыктуу спорттун түрү болушу керек болчу.

Мындан тышкары бийлик жарандарга күнүнө баскан ар бир 10 миң кадамы үчүн акча берүүнү убадалаган. Район же шаар боюнча эң узак аралыкты басып өткөн тургундардын электрондук капчыктарына 300 миң сумдан (28 доллар), аймак боюнча көп баскандарга 500 миң сумдан жана республика боюнча жеңүүчүгө 1 миллион сум (96 доллар) берүү каралган.

XS
SM
MD
LG