Ссылки доступа

Чүй дарыясынын жээгин суу жеп, Кыргызстан 800 гектар жеринен ажырады


Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 22-июнда басма сөз жыйынында билдирди. Министр анда “Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери талапка ылайык жүрбөгөндүктөн Кыргызстан 800 гектар жеринен айрылды”, деп айтты.

"Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын аныктап турган Чүй дарыясынын жээгинде дамбалардын жоктугунан, дарыянын жээгин суу жеп, анын нугу жыл санап Кыргызстандын аймагына кирип жатат. Бул жаатта иштер активдүү башталды, маселе президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө",- деди Ажикеев.

Былтыр март айында Чүйдүн Кемин районунда Чым-Коргон айылынын айрым тургундары Чүй дарыясынын нугу бузулуп, чек ара сызыгы өзгөргөнүн айтып чыгышкан. Маселени мекеме аралык комиссия териштирери айтылган.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Чым-Коргонго жакын Чүй дарыясы аркылуу өткөн кыргыз-казак чек ара сызыгы калыбында турганын билдирип, жергиликтүү калктын "суунун нугу бери бурулуп, жер тилкеси Казакстанга өтүп кетти" деген маалыматын жалганга чыгарган.

Жогорку Кеңеш 2014-жылы Чүй дарыясынын табигый нугун сакташ үчүн суу бойлой кеткен жээктерде кум менен шагыл казуу иштерине тыюу салуу тууралуу өкмөткө сунуш киргизген.

Кыргыз-казак чек арасынын кайсы бир бөлүгү Чүй суусун бойлоп өтөт. Эки тараптын чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1257 чакырым. Чек араны демаркациялоо тууралуу келишимге 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган.

XS
SM
MD
LG