Ссылки доступа

Аким Актөбө облусунда мунайчылардын айлыгы башка аймактарга салыштырмалуу аз экенин ырастады


Актөбө облусунун башчысы Ондасын Уразалин өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу облустагы мунайгаз тармагында иштеген жумушчулардын айлыгы төмөн экенин ырастады.

– Көпчүлүк учурларда биздин аймактагы мунайчылардын иш таштоосуна айлык акынын аздыгы себеп болот. Бизде орточо айлык 196 миң теңгени түзөт. Ошол эле маалда миллиондогон маяна алган топ-менеджмент жана 200 миң гана (460 доллар) теңге алган жумушчу болушу мүмкүн. 2019-жылы аким болуп келгенде 120 миң теңгеден аз айлык алган жумушчулар бар экенин угуп таң калгам. Ошондуктан маяналарды жогорулатууну талап кылып жаткан мунайчыларды түшүнүп турам. Бирок бардык маселе укуктук талаада чечилиши керек. Жумуш берүүчү киреше таап, маселени тынчтык жол менен чечүүнү кааласа, айлыкты жогорулатуу керектигин түшүнүшү зарыл, – деди Уразалин.

Ал ошондой эле акимчилик мунайчылардын маяналарын бул тармактагы орточо көрсөткүчкө жеткирүү сунушун Энергетика министрлигине жөнөткөнүн, учурда «СНПС-Актобемунайгаз» ишканасы менен министрликтин ортосунда келишимге кол коюлганы жатканын кошумчалады.

Быйыл кышында Актөбө облусунда мунайчылар айлыкты жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу талаптары менен бир нече жолу иш ташташкан. Жумушчулар алар менен иш берүүчүлөр жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, талаптарын аткарууну убадалагандан кийин кайра жумушка чыгышкан.

XS
SM
MD
LG