Ссылки доступа

Тажикстанда эки ай мурда камакка алынган белгилүү имам эркиндикке чыкты


Абдулхак Обидов (Махсуми Абдулхак)

Эки ай мурда камакка алынган Душанбедеги «Имам Азам» мечитинин мурдагы имамы Абдулхак Обидов (Махсуми Абдулхак) эркиндикке чыкты.

Бул маалыматты Ички иштер министрлигиндеги өз булак ырастап, имам менен бирге камакка алынган Азиз Турков менен Ахмадхожа Табаров да бошотулганын билдирди.

«Махсуми Абдулхак мындан ары мечиттин имамы эмес. Бирок ал түрмөдөн чыгып, азыр эркиндикте жүрөт», деди булак.

Быйыл апрелде Тажикстандын «Ховар» улуттук маалымат агенттиги Абдулхак Обидов өлкөдө тыюу салынган «Салафия» экстремисттик уюмуна тиешеси бар деген шек менен кармалганын жазган. Анда аны менен бирге дагы төрт айылдашы да камакка алынганы кабарланган.

Бирок имамдын жакындары ал белгилүү диний ишмер Домулло Хикматуллону акыркы сапарга узатуу зыйнатында аны бир нече жолу “чыныгы элдик лидер” деп атагандан кийин кармалганын айтып чыгышкан.

Тажикстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комитети Абдулхак Обидовдун кармалышына анын жаназа учурунда айткан сөзү себеп болгонун четке каккан.

Тажикстанда бир гана кишини – өлкөнүн президенти Эмомали Рахмонду ушунтип атоого уруксат. Анын титулу: “Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү жана Улут лидери Эмомали Рахмон” деп аталат жана муну кыскартууга болбойт.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG