Ссылки доступа

Канада менен Кытай БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде айтышты


Канада баштаган 40 өлкө 22-июнда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде Кытай бийлигинен Шинжаңга көз карандысыз байкоочуларды киргизүүнү талап кылды.

БУУнун Женевадагы Адам укуктары боюнча кеңешинин 47-сессиясында Канаданын өкүлү: “Биз Бээжинден Шинжаңга көз карандысыз байкоочуларды киргизүүнү талап кылабыз”, деп билдирди. Сессия 21-июнда башталган жана 13-июлга чейин уланат.

Канаданын өкүлү БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет 2018-жылдан бери кытай бийлигинен Шинжаң-Уйгур автоном районуна кирүүгө уруксат ала албай жатканын айтты.

Канада Шинжаңдагы лагерлерде күн сайын миллиондон ашуун уйгур кабылып жаткан катаал мамилеге танчсызданууда. Канаданын көз карашын дагы 40 өлкө колдоду.

Кытайдын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги өкүлү өз баяндамасында Оттава биринчи кезекте канадалык индеец балдардын өлтүрүлүшүн иликтеши керек экенин белгиледи. Май айынын аягында Канадада 1978-жылга чейин иштеген жатак мектептин 200дөн ашуун тарбиялануучусунун сөөгү табылган. Бээжин канадалыктарды индеецтерге каршы кылмышты иликтөөгө чакырды.

Бээжин менен Оттаванын мамилеси 2018-жылы декабрда Ванкуверде Huawei компаниясынын президенти Жэнь Чжэнфэйдин кызы Мэн Ваньчжоу кармалгандан кийин начарлап кеткен. Кийинчерээк Бээжин эки канада жаранын тыңчылык айыбы менен камаган.

БУУнун болжолдуу маалыматына ылайык, Шинжаңдагы лагерлерде бери дегенде 1 миллиондой киши кармалууда.

Кытай бийлиги лагерлерди экстремизмге каршы күрөш алкагында түзүлгөн кесипке үйрөтүүчү борборлор деп атап, геноцидге теңеген сындарды четке кагууда.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG