Ссылки доступа

Ашхабад чет өлкөлүк жумушчулар үчүн дүйнөдөгү эң кымбат шаар деп аталды


Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаары чет өлкөлүк жумушчулар үчүн дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын рейтингинде биринчи орунга жайгашты.

Америкалык Mercer консалтинг компаниясынын былтыркы рейтингинде Ашхабад экинчи орунга жазылган. Рейтинг жыл сайын өкмөттөр жана компаниялар үчүн кызматкерлерине тигил же бул шаарда канча айлык төлөө керектигин аныктоого жардам катары түзүлүп келет.

Рейтингде Ашхабаддагы жашоонун кымбатташы азык-түлүк тартыштыгына жана гиперинфляцияга алып келген каржы каатчылыгына байланыштуу экени белгиленген.

Компания рейтинг түзүүдө 209 шаардагы турак жайдын, транспорттун, азык-түлүктүн жана башка 200дөн ашык товарлар менен кызматтардын баасына анализ жүргүзөт.

Быйыл рейтингдин алдыңкы бештигине Гонконг, Бейрут, Токио жана Цюрих шаарлары кирген.

XS
SM
MD
LG