Ссылки доступа

Өзбекстанда соттордун айлыгы жогорулагандан кийин сот системасында коррупция азайды


Өзбекстанда соттордун айлык маяналары жогорулагандан кийин сот системасында жемкорлук азайды. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку соттук кеңешинин төрага орун басары Алишер Жалилов басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Өзбекстанда соттор 16 миллион сумдан (расмий курс боюнча 1 500 доллар) жогору айлык алышат.

«Айрым учурларда кызматтык жана мамлекеттик сыр болгондуктан, айлыктар ачык айтылбайт. Соттордун маянасы жашаган району жана аткарган ишине жараша 18-21 даража боюнча аныкталат. Мисалы, 18 даража боюнча иштеген соттордун айлыгы 16 миллон сумдан башталат. Аткарган ишине жараша 17-18 миллион сум алган соттор да болушу мүмкүн. Алардын маянасы жогорулап, биздин да социалдык коргообуздун деңгээли көтөрүлүп жатат», - деди Жалилов.

Өзбекстанда соттордун айлыгы быйыл жыл башында жогорулаган. Бирок бул маалыматтар жашыруун болгондуктан, алардын канча маяна алып жатканы ачык айтылбайт.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG