Ссылки доступа

Гонконгдун ири оппозициялык гезити жабылууда


Apple Daily гезити
Apple Daily гезити

Гонконгдун популярдуу демократиячыл "Пинго жибао" (Apple Daily) гезити апта аягында жабыларын жарыялады. Бул тууралуу "Би-Би-Си" кабарлады.

Маалыматка караганда, шаршемби күнү директорлор кеңеши "азыркы шарттарды эске алуу менен" гезитти онлайн жана кагаз түрүндө басуу 26-июнда токтой турганын билдирди. Мунун алдында басылманын башкы редактору жана беш кызматкери улуттук коопсуздук мыйзамын бузган деген шек менен кармалып, гезитке ээлик кылган компаниялардын 2,3 миллион доллар каражаты камакка алынган.

Полиция чет өлкөлөрдү Гонконгго жана Кытайга каршы санкция салууга көндүрүү аракетинин далили деп Apple Daily гезитине жарыяланган ондогон макаланы көрсөттү.

Басылманын кожоюну жана негиздөөчүсү, миллиардер Жимми Лай шаарда 2019-жылы тутанган демократиячыл акцияларга катышкандыгы үчүн кесилген. Ага улуттук коопсуздук тууралуу мыйзамдын алкагында дагы бир нече айып тагылышы мүмкүн.

Эл аралык коомчулуктун сынына кабылган аталган мыйзам бир жылдай мурун күчүнө кирген. Бээжин менен Гонконгдун бийлиги мыйзам туруктуулукту көздөөрүн айтышса, оппоненттери анын жардамы менен башкача пикирдеги жарандардын үнүн басуу аракети көрүлгөнүн билдирип келишет.

Мыйзам ишке киргенден бери ал боюнча 100 чакты активист кармалды.

Гонконг Кытайдын бир бөлүгү болгону менен "бир өлкө, эки система" принцибине таянып башкарылат. Башкача айтканда, Британиянын мурдагы колониясы өз алдынча сот системасына ээ, аймакта сөз эркиндиги, маалымат каражаттарынын ачыктыгы камсыздалган.

Бирок жергиликтүү активисттер, укук коргоочулар жана Батыш өлкөлөрү Бээжинди акыркы жылдарда ошол эркиндиктерди, автономияны четинен жок кылууда деп айыптап келатышат.

XS
SM
MD
LG