Ссылки доступа

Душанбеде эгемендиктин 30 жылдыгына карата "Эгемендик бакчасы" курулууда (видео)


"Эгемендик бакчасындагы" архитектуралык комплекс

Тажикстандын баш калаасы Душанбе шаарында өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата "Эгемендик бакчасынын" курулушу уланууда.

30 гектар аянтты ээлеген бакчада эркиндикти жана көз карандысыздыкты символдоштурган “Эгемендик жана эркиндик” деп аталган архитектуралык комплекс жайгашат. Анын бийиктиги 121 метрди, түп жагы 85 метрди түзөт. Мындан тышкары сейил бакка сейрек кездешүүчү түрдүү бак-дарактар отургузулат.

Акыркы жылдары Тажикстандын баш калаасында эски курулуштар түрттүрүлүп, жаңы административдик имараттар жана көп кабаттуу үйлөр курулууда. Шаар тургундарынын арасында бийликтин бул аракеттерин колдогондор да, сындагандар да бар.

Ошол эле маалда заманбап жолдорду куруу үчүн бузулган турак жайлардын, дүкөндөрдүн жана базарлардын ээлери берилген компенсациянын өлчөмүнө нааразы болгон учурлар да катталган.

Новый облик Душанбе накануне 30-й годовщины независимости
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG