Ссылки доступа

Казакстанда кызмат көрсөтүү тармагында иштеген жарандардан милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүү талап кылынууда


Казакстанда кызмат көрсөтүү тармагында иштеген жарандар коронавируска каршы вакцина алуудан баш тартса, жума сайын ПЧР тест тапшырып турушу керек болот. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой 23-июндагы брифинг маалында билдирди.

— Ден соолугу мүмкүнчүлүк берген, бирок вакцина алуудан баш тарткандар жумасына бир жолудан ПЧР тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек болот. Тесттин акысын жумушчу өзү же жумуш берүүчү төлөйт. Бул жумуш берүүчүнүн чечимине жараша болот. Эгер жарандар кандайдыр бир себептер менен бекер эмдөөдөн өтүүнү каалабаса, анда тест үчүн акча төлөөгө даяр болушу керек, — деди Цой.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирусту аныктоо үчүн ПЧР тесттин акысы кеминде 7 миң теңгени (17 доллар) түзөт. Жумушчулар айына төрт жолудан тест тапшырса, 28 миң теңге (дээрлик 70 доллар) төлөшү керек болот.

22-июнда коронавирустун жайылуусуна жол бербөө боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында Казакстандын вице-премьери Ералы Тугжанов Нур-Султанда COVID-19дун "индиялык штаммы" аныкталганына байланыштуу башкы санитардык дарыгерге кошумча чараларды көрүүнү сунуш кылган.

23-июнда "индиялык штаммдын" белгилери байкалган вирустун мутациясы Алматы шаарында да аныкталганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG