Ссылки доступа

Өзбекстанда коомдук транспортто беткапсыз жүрүүгө тыюу салынды


Мындан ары Өзбекстанда автобус айдоочулары менен метрополитендин кондукторлору транспорт каражаттарына беткапсыз адамдарды киргизбөө боюнча чараларды көрүшү керек болот. Мындай чечимди Республикалык атайын комиссия 23-июнда кабыл алды.

Ага ылайык, жарандардын арасында жоопкерчиликти күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомдук транспортторду акыркы аялдамаларында дезинфекциядан өткөрүү каралган. Ошол эле маалда жооптуу адамдарга автобекеттер менен аэропорттордо санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын катуу көзөмөлдөө иши жүктөлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Республикалык атайын комиссиянын чечими менен эми санаторийлерге, пансионаттарга, балдар лагерлерине, ошондой эле башка эс алуу жана саламаттыкты чыңдоо жайларына кабыл алууда акыркы 72 саттын ичинде тапшырылган ПЧР тесттин жыйынтыгы да талап кылынат.

Акыркы күндөрү Өзбекстанда коронавирус жуктурган учурлар эки эсеге (200дөн 400гө чейин) көбөйдү.

Буга чейин атайын комиссия вакцина ала турган жарандардын категориясын кеңейткен. Ага ылайык, 50 жаштан ашкандар жана университеттердин окутуучулары коронавируска каршы бекер вакцина алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG