Ссылки доступа

Алматыда активист Кунболатулынын тарапташтары аны бошотууну талап кылышты


24-июнда Алматыда ондогон киши Медеу райондук ички иштер башкармалыгынын алдына топтолуп, активист Байболат Кунболатулыны бошотууну талап кылышты.

Кунболатулы шаршемби күнү Кытай консулдугунун алдындагы “мыйзамсыз пикетти уюштурган деп” 15 суткага камакка алынган.

Бүгүн акцияга чогулгандардын арасында активисттин жакындары, ошондой эле Шинжаңда кармалып турган туугандарын бошотуу талабы менен Кытай консулдугунун алдында пикеттерди өткөрүп келген жарандар жүрүштү. Акция маалында Кунболатулынын апасы өзүн жаман сезип, ага тез жардам кызматы чакырылды.

Чогулгандар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен БУУга кайрылуу даярдап, кол топтой башташты. Анда Кытай консулдугунун алдында пикет өткөрүп жаткан жарандардын укуктарын коргоо чакырыгы жазылган.

Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылган жарандардын Кытай консулдугунун алдындагы акциясы февраль айынан бери уланып келет. Андан бери анын катышуучуларына кытайлык дипломаттардан эч ким чыккан жок. Чогулгандар Кытай бийлигинен Шинжаңда калган туугандарынын Казакстанга келүүсүнө уруксат берүүнү талап кылышууда. Айрымдары жакындары Шинжаңдагы «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып турушканын айтышса, башкалары туугандары негизсиз айыптар менен узак мөөнөттөргө соттолгонун билдиришүүдө. Алардын арасында кытай бийлиги жакындарынын документтерин алып коюп, өлкөдөн чыгарбай жатканына даттангандар да бар.

АКШнын бийлиги, Бельгиянын, Нидерланддын жана Канаданын парламенттери Шинжаңдагы түрк тилдүү калкка каршы саясаты үчүн Бээжинди геноцидге айыпташкан. Кытай Шинжаңдагы аракеттерин «өлкөнүн ички иши» жана «терроризмге, экстремизмге каршы көрүлүп жаткан чаралар» деп атап келет.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG