Ссылки доступа

АКШда сот Капитолийге чабуул коюу иши боюнча алгачкы өкүмдү чыгарды


Капитолийге кол салууга катышкандар. 6-январь 2021-жыл
Капитолийге кол салууга катышкандар. 6-январь 2021-жыл

АКШда сот Капитолий имаратына чабуул коюу иши боюнча Индиана штатынын тургуну Анна Морган Ллойдду шарттуу түрдө үч жылга кести. Мындан тышкары ал 120 саат коомдук иштерди аткарууга жана 500 доллар өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Маалыматка караганда, айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга барган. Сотто ал Капитолий имаратына чабуул жасоого катышканы үчүн америкалыктардан кечирим сурады.

Сот Ллойд башаламандыктарга катышууну алдын ала пландабаганын жана агрессия көрсөтпөгөнүн эске алып, аны камакка албоо чечимин кабыл алган.

Быйыл 6-январда экс-президент Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийге кол салып, Жо Байдендин президенттик шайлоодогу жеңишин бекитүү иш-чарасын бир нече саатка үзгүлтүккө учуратышкан. Анын жүрүшүндө 5 кишинин өмүрү кыйылган. Бул иш боюнча жалпысынан 500гө жакын киши айыпталуучу катары өтүүдө.

XS
SM
MD
LG