Ссылки доступа

Милиция кыздарга тийишкендерди камакка алууну демилге кылды


Ички иштер министрлиги (ИИМ) кыздарга тийишкен жигиттерди жети суткага чейин камакка алууну сунуштады.

Бул тууралуу 24-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракет көрүү комитетинде күч кызматкерлеринин айым депутаттар менен биргелешкен жыйынында айтылды.

ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары Бакыт Дубанаев "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамды кеңейтип, бейтааныш кишилердин жасаган зомбулуктарын да киргизүү керектигин билдирди.

"Биз ушул эле мыйзамга жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске аялдарга зомбулук көрсөткөндөрдү жана коркуткандарды камакка алуу ордерин берүү тууралуу беренени сунуштайбыз. Натыйжада улам тийишип, ыдык көрсөтүп жаткан жигит жети суткага камакка алынат жана андан жабыр тарткан кыз корголот".

Милициянын өкүлү адам уурдоонун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызы менен Айзада Канатбековага да жигиттер алгач тийишип, соңунда ушул абалга келгенин белгиледи.

Буга чейин ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү үчүн атайын бөлүм ачыларын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG