Ссылки доступа

Жарылуу болгон Арыстын жашоочулары эки жылдан бери компенсация ала албай жатышат


Түркстан облусунун Арыс шаарындагы аскердик кампада эки жыл мурун болгон жарылуудан үй-жайы, ишканалары зыянга учураган ондон ашык адам 24-июнда калаа акимчилигине барып, үйлөрү азыркыга чейин ремонттолбогонуна, компенсация алыша электигине даттанышты.

Алар шаар акими Гүлжан Курманбекованын тышка чыгып, абалды түшүндүрүшүн талап кылышты. Акимдин ордуна анын орун басарлары келди.

66 жаштагы Валентина Шмит акыркы эки жылдан бери жергиликтүү бийликтен үйүн ремонттоп берүүнү талап кылып келет. Анын айтымында, бүтпөгөн үйдө майып баласы менен кыштап чыккан.

— Башында үйүмдү ремонттоп беребиз деп коюшуп, андан кийин жоголуп кетишти, — деди ал.

Шаардык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, жарылуудан зыянга учурап ремонттолгон үйлөрдө кайрадан көйгөйлөр жаралууда. 180дөн ашуун киши турак жайы жараксыз абалга кептелгенине даттанган. Курулуш компаниясы бир жылдык кепилдик берген, эми маселе кандай чечилери белгисиз.

Акимчилик зыянга учуруган 8 миңден ашуун үй ремонттолгонун, 500дөйү жаңы курулганын билдирди. Объектилери зыянга учураган 464 ишкерге компенсация төлөнүп берилген.

2019-жылы 24-июнда шаардагы кампада чыккан өрт жарылууга алып келген. 4 киши өлгөн, жүздөгөн адам медициналык жардам сурап кайрылган. Калаа тургундары бир нече күнгө эвакуацияланган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча жарылуудан турак жайлардын 85% жабыркаган, 20дан көп үй өрттөнүп кеткен.

XS
SM
MD
LG