Ссылки доступа

Орусия ТИМи британ эсминецине байланыштуу окуядан кийин "аскердик ыкмалар" менен коркутту


Орусия ТИМинин башчысынын орун басары Сергей Рябков Орусия "өзүнүн чек арасынын бузулгустугун” аскердик ыкмалар менен коргоого даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу ал “Интерфакстын” Кара деңиздеги британ эсминеци менен болгон окуянын кайталанбашы үчүн Орусия эмне кылат деген суроого жооп берип жатып айтты.

"Биз акылга келүүгө чакырып, эл аралык укукту сыйлоону талап кылабыз. Эгер бул жардам бербесе, кесиптештер түшүнбөсө, багытын гана эмес, бутаны да бомбалап коюшубуз мүмкүн. Биз мунун баарына дипломатиялык жана саясий, керек учурда аскердик каражаттар менен да сак турабыз", – деди Рябков.

Орус маалымат каражаттары аннексияланган Крым жарым аралына жакын жерде 23-июнда ФСБнин кемеси британ деңиз аскерлерине таандык Defender деген эсминец тарапка ок ачканын, жанына бомбалар ташталганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, орусиялык чек арачылар британ кемеси чек араны бузган деп айыпташкан.

Падышалыктын Коргоо министрлиги ок атууну алдын ала эскертилген машыгууга байланыштырып, бомбалар ташталганы тууралуу маалыматты четке каккан.

Видео

Видео

850 килограммдык бука. Бишкектеги “AгроТехЭкспо2021”
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00
XS
SM
MD
LG