Ссылки доступа

Элчилик: Тажикстанда ондой жүк ташуучу автоунаа турат


Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги өзбек-тажик чек арасынын Тажикстан тарабында 21-июндан бери кармалып турган кыргызстандык оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусунун маселеси элчинин өзгөчө көзөмөлүндө экенин билдирди.

Элчиликтин маалыматында аталган чек ара бекетинде кыргызстандык ондой жүк ташуучу автоунаа токтоп турат.

"23-24-июнда Тажикстандын өкмөтү менен айдоочулардын бул өлкөдөн чыгып кетиши боюнча сүйлөшүүлөр өтүп, улантылууда", - деди элчилик.

Кыргызстандык айдоочу Виталий Шульц Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы "Фотехобод" өткөрүү пунктундагы бажы бекетинде кармалып турганы белгилүү болгон.

Тажикстандын Мамлекеттик бажы кызматы муну "Азаттык" радиосуна тастыктап, Шульцтун документинде мандем болгондуктан токтотулганын айткан.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу толук жапкан. Эл аралык каттамдагы кыргызстандык айдоочуларга тажик тараптан чектөө жок.

XS
SM
MD
LG