Ссылки доступа

Өзбекстанда темир жолду тоскондор соттолууда


Кашкадарыя облусунун Чиракчин районунда темир жолду бууган 13 киши сотко чакырылды.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, темир жолду тоскондордун иши 25-июнда Чиракчин райондук кылмыш иштери боюнча сотунда каралат.

Айритом маалесинин инспектору Ахрор Дусткуловдун айтымында, бул иштин алкагында жалпысынан 50 кишиге чара көрүлөт, 37 киши эскертүү алган.

Кашкадарыя облусуна караштуу Чиракчин районунун Айратом айылынын жашоочулары 7-июнда темир жолду тосушкан. Чогулган жашоочулар район башчысы Хуррам Жураевден калкты электр энергиясы менен камсыздоону жана кубаттуу “трансформаторго” кошууну талап кылышкан.

10:48де бул станциядан Ташкент-Карши багыты аркылуу тез жүрүүчү поезд өтмөк. Поезд келерге 28 мүнөт калганда Чиракчин районунун башчысы келип, аларды темир жолдон Айратом айылына алып кеткен. Эч ким жабыркаган эмес.

XS
SM
MD
LG