Ссылки доступа

Душанбеде 18 жаштан жогорку бардык жашоочуларды COVID-19га каршы эмдөө чечими кабыл алынды (видео)


Тажикстан Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан өнүктүрүү министрлиги Душенбеде 18 жаштан жогорку бардык жашоочулар эмдөөдөн өткөрүлө турганын билдирди. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын тарашынын алдын алуу үчүн кабыл алынган.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлиги 25-июнда борбор калаадагы жашы 18ден жогорку бардык жашоочуларга кайрылып, жергиликтүү ден соолук борборлоруна келип, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Тажикстанга 20-июнда кытайлык Sinovac Research & Development Co. Ltd компаниясынан COVID-19га каршы 300 миң доза вакцина келген. Буга чейин өлкө COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынан 192 миң доза алган.

Расмий маалыматка караганда, ушул тапта Тажикстанда 90 миң киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Апта башында тажик бийлиги коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жаңы учурлар катталып жатканын расмий түрдө мойнуна алган. Жыл башынан бери расмий Душанбе ооруну толук жеңгенин билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча сегиз миллион калкы бар Тажикстанда коронавирус инфекциясы 13 371 кишиге жуккан. Анын 90у көз жумган. Бирок соцтармактардан топтолгон расмий эмес маалыматтар 2020-жылдын май айынан сентябрь айына чейин эле кеминде 450 тажикстандык коронавирустан каза болгонун көрсөтөт.

Готовы ли Вы привиться от коронавируса? -Опрос
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:40 0:00

Видео

Видео

«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00
XS
SM
MD
LG