Ссылки доступа

Орусияга барган мигранттар "лоялдуулук келишимине" кол коюуга милдеттендирилет


Орусияга жаңы барган мигранттар “лоялдуулук жөнүндө келишимге” кол коюуга милдеттүү болот. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын Ички иштер министрлигине (ИИМ) таянып жазды.

“Лоялдуулук жөнүндө келишим” институтун киргизүү миграция жаатында жаңы мыйзам долбоорунун концепциясында каралган” - деп айтылат маалыматта.

Орусиядагы чет өлкөлүк мигранттар аталган келишимге кол коюу менен өзү тууралуу ачык маалымат берүүгө, орус өкмөтүнө зыян келтирбөөгө жана мыйзамдарды так сактоого милдеттүү болот. Келишимдин шарттары сакталбаган учурда мигрант Орусиянын аймагынан чыгарылат жана бардык чыгымды өзү көтөрөт.

Лоялдуулук - бул кайсы бир нерсеге же кимдир бирөөгө ишенүү менен мамиле кылуу, берилүү, жактоо, анын тарабын алуу. Орусиянын соңку миграциялык мыйзамдарында лоялдуу мамиле кылуу эрежелери каралган.

15-июнда Владимир Путин Орусияда жүргөн чет өлкөлүк мигранттарга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт 30-сентябрга чейин узарган.

Апрелдин башында орус бийлиги Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен. 15-июндан тарта буларга каршы тиешелүү жазалар ишке кирери айтылган.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалымат боюнча мигранттардын саны бир миллиондон ашат.

XS
SM
MD
LG