Ссылки доступа

Ташкентте автожолдорго чектөө киргизилгенден кийин көп чакырымдарга созулган тыгындар пайда болду


Автожолдордун көбү жабылганына байланыштуу Ташкенттин айрым райондорунда тыгын пайда болду.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, 27-июнда кечке маал Ташкентке алып бара турган бардык жолдор бетон тосмолор менен тосулган.

“Шаарга кирген жана чыккан кишилердин агымын натыйжалуу башкаруу үчүн бир нече көзөмөл-өткөрмө бекеттер гана ачык калды”, – деп айтылат ЖМКлардын билдирүүлөрүндө.

Маселен, борбор калаанын белгилүү Зангиата районуна "Эркин" көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу гана барууга болот. Буга байланыштуу "Бек Барака" жана мурдагы "Абу Сахий" дүң соода базарларына алып бара турган жолдордо бир нече чакырымдык тыгындар пайда болду.

Буга чейин республикалык атайын комиссия 28-июндан 12-июлга чейин коңшу райондордон Ташкентке бара турган автожолдордо чектөө киргизген.

XS
SM
MD
LG