Ссылки доступа

Баткендеги соңку куралдуу кагылыштан жабыркагандарга кошумча социалдык кепилдик берүү сунушталууда


Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги 28-30-апрелде Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө кошумча социалдык кепилдик берүүнү сунуштады.

Министрлик муну “2010-жылдын апрель-июнь айларындагы окуялардан жабыркаган жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу ишке ашырууга ниеттенүүдө. Документ өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, 2010-жылдагы окуялардан жабыркагандар жана каза болгондордун жашы жете элек балдары же ата-энелери 37 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (3700 сом) социалдык жөлөк пул алышат. Маркумдардын балдары бала бакчалаларда бекер тарбияланат, жогорку окуу жайлардагы бюджеттик орундардан квота берилет жана медициналык кароодон бекер өтүшөт.

Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан жабыркаган жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө да ушундай эле мүмкүнчүлүктөрдү берүүнү сунуштоодо.

Мыйзам долбоорун 2022-жылдын январь айынан тартып ишке киргизүү демилегеленип жатат. Себеби быйылкы жылдын бюджетине социалдык жөлөк пул төлөө боюнча акча каралган эмес. Бул үчүн 3 млн 363 миң сом керек.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Алардын экөө бала. Бир топ турак жай жана социалдык объектилер жарактан чыккан.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG