Ссылки доступа

Тажикстанда бычакталган келиндин өлүмү тергелүүдө


Манораи Абдуфаттох

Тажикстандын Файзабад районунда 25 жаштагы Манора Абдуфаттох аттуу келиндин өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Анын бычакталган сөөгү үч баласы менен ижарага алып жашап жүргөн батирде 22-июнда табылган.

Келиндин жакындары ал өлтүрүлгөн деп эсептешүүдө.

"Кызымдын өлүмү тууралуу Орусияда жүргөндө угуп, мен келгенче жерге бербей тургула деп өтүндүм. Алгачкы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында Манора өзүнө бычак сайып өлгөнү жазылган. Бирок биз анын денесине 20га жакын жолу бычак сайылганын көрдүк. Сөөгүн кошумча экспертизадан өткөрүү үчун Душанбеге алып келдик, азыр жыйынтыгын күтүп жатабыз", — деди маркумдун атасы Абдуфаттох Мисоков.

Ал кызынын коңшулары окуя болгон күнү анын батирине күйөөсүнүн бир нече тууганы кирип кеткени боюнча көрсөтмө беришкенин кошумчалады.

Маноранын эжеси Фарзона Мисокованын айтымында, акыркы кездери сиңдиси күйөөсүнүн айрым туугандарынын катаал мамилесине даттанып жүргөн. "22-июнь күнү кечке жакын Минора мага телефон чалып, аны өлтүрүп коюулары мүмкүн экенин айткан. Биз дароо агабызды анын үйүнө жөнөткөнбүз. Бирок жарым сааттан кийин ал өлүп калганын уктук", — деди Фарзона.

Манора Абдуфаттохтун Орусияда иштеп жүргөн күйөөсү аялынын өлүмүн уккандан кийин мекенине кайтып келген. Бул окуя боюнча анын жакындарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Файзабад райондук ички иштер башкармалыгы келиндин өлүмү боюнча тергөө иштери башталганын кабарлады. Мекеменин аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкери тергөө Абдуфаттохтун өлүмүнүн эки версиясын — өлтүрүү жана өз өмүрүнө кол салуу — карап жатканын билдирди.

Видео

Видео

Жайлоодогу көчмө мончо
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00
XS
SM
MD
LG