Ссылки доступа

Өзбекстанда ИИМ кызматкери тапанча менен атынып өлдү


Ташкент облусунун Ангрене шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери өз башына ок атып каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 27-июнда түшкү саат бирлерде болгон. Шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук тартипти көзөмөлдөө тобунун кызматкери мекеме имаратанын ичинде өзүнүн тапанчасы менен атынып өлгөн.

Учурда ИИМ менен Башкы прокуратуранын атайын түзүлгөн тобу 34 жаштагы кызматкердин өлүмү боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул ишти өлкөнүн ички иштер министри Пулат Бобожонов жеке көзөмөлүнө алганы кабарланды.

Ал ортодо айрым жергиликтүү басылмалар маркумдун инисине шилтеме кылып, ал Акмаль аттуу адамдын басымынан улам өз жанын кыйганын жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG