Ссылки доступа

Оролдо ачкачылык жарыялаган активисттин ден соолугу начарлап, акциясын токтотту


23-июнда шериктери менен бирге ачкачылык жарыялаган Маруа Ескендированын ден соолугу жекшембиде кексин начарлап, тез жардам чакыртылды. Дарыгерлер анын ашказан жарасы курчуп кеткенин билдиришти.

— Менде ашказан жарасы бар, ачкачылыктын кесепетинен оорум өтүшүп кетти. Дарыгерлер ооруканага жаткырабыз дешти, бирок мен баш тарттым. Себеби ачкачылыкты улантайын дедим. Бирок биздин активисттер мунун кесепети кооптуу экенин айтып, ачкачылыкты токтотууга көндүрүштү, — деди Маруа Ескендирова.

Өткөн аптада Орол, Чымкент жана Түркстан облустарында бир катар активисттер 20-июнда Алматы менен Нур-Султанда жарыяланган акчачылык акциясын колдошкон. Алар Нур-Султан сотунан “Көчө партиясы” менен “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын “экстремисттик уюм” деп таануу тууралуу төмөнкү соттук инстанциянын чечимин жокко чыгарууну, куугунтукталган активисттерди бошотууну талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG