Ссылки доступа

Казакстанда «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы жумушчулардын маянасын көбөйтүүгө убада берди


Караганды облусунда шахталарга жана металл комбинаттарына ээлик кылган «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы 1-июлдан баштап кызматкерлердин айлык маянасын көбөйтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка караганда, мындай чечим жыл башынан бери азык-түлүк менен башка товарлардын, коммуналдык кызматтардын баасынын өсүшүнө байланыштуу кабыл алынган.

Айлык акыга акырындык менен ай сайын 20 миң теңгеден кошулуп турат жана алты пайызга көбөйөт.

Мындан тышкары компания кошумча социалдык жардам иретинде июлдун башында бардык жумушчуларга бир жолу 150 миң теңге (350 доллар) төлөп берет.

Соңку кездерде «АрселорМиттал Темиртау» компаниясында авариялар көп катталып, жумушчулар жабыркап жатат. Быйыл 25-май күнү кечинде комбинатта өрт чыгып, эки жумушчу 3-4-деңгээлде күйүк алган.

XS
SM
MD
LG