Ссылки доступа

Жапаровдун Түркмөнстанга сапары аяктап, Тажикстанга барды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 28-июнда расмий иш сапары менен Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына барды. Мамлекет башчысын Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилген.

28-29-июнга белгиленген расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки өлкөнүн президенттери кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелерин да талкуулашат.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев баштаган аткаминерлер бар.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин эки өлкө президенттери биринчи жолу жолугушканы жатат.

28-июнда Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугуп, эки өлкөнүн президенттери биргелешкен бизнес долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 миллион долларды түзгөн кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимге кол коюшкан.

Андан тышкары күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана курууну макулдашкан.

Видео

Видео

Селден жабыркагандар чатырларда күн кечирүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00
XS
SM
MD
LG