Ссылки доступа

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны соңку аптада дээрлик 40% көбөйдү


Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны сонку бир аптада 39 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу шаршембидеги өкмөттүн жыйынында саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди.

Анын айтымында, бейтаптардын 43 пайызы Нур-Султан жана Алматы шаарларына туура келет.

Маалыматка караганда, баш калаадагы инфекциялык ооруканаларда орундар 65, реанимациялык орундар 74 пайызга толду. Буга байланыштуу Нур-Султандагы «Рамада Плаза» күндүзгү стационар катары иштей баштады.

Инфекциянын жайылуусу боюнча Алматы, Нур-Султан, Атырау, Батыш Казакстан, Караганды облустары, деги эле жалпы Казакстан кызыл зонага кирди.

Өлкөнүн эки ири шаарында соода борборлору кечки саат 17.00гө чейин гана иштеп, дем алыш күндөрү жабылмай болду. Мындан тышкары ачык асман алдында 100дөн ашык кишинин катышуусунда иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.

Расмий маалыматка караганда Казакстанда коронавируска каршы 5,2 миллион доза вакцина колдонулду. Министр эмдөө жайларында препарат жетиштүү экенин билдирди. Цойдун айтымында, соңку аптада вакцина алуучулардын ыргагы 1,6 пайызга өстү.

XS
SM
MD
LG