Ссылки доступа

Тажикстан "такырбаштар" менен мушташкан жаранынын кармалышы боюнча Орусия ТИМине нота жөнөттү


Тажикстандын Москвадагы элчилигинин имараты
Тажикстандын Москвадагы элчилигинин имараты

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги Москвада улутчул такырбаштардан (скинхеддер) токмок жеген 21 жаштагы Амиршо Хусейновдун кармалышы боюнча орус Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) нааразылык нотасын жөнөттү.

Анда дипломатиялык өкүлчүлүк Орусия ТИМинен окуяны объективдүү жана ачык иликтөөнү талап кылган.

Хусейновдун туугандары менен тажик бийлиги аны бул иште жабырлануучу деп эсептеп жатышат. Бирок Орусиянын укук коргоо органдары тажик жаранын "бейбаштыкка" айыптап, камакка алышкан.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, 23-июнда Москванын Толбухина көчөсү менен "Орусия - орустар үчүн", "Москва - москвалыктарга" деген ураандар менен орус улутчулдар тобу мыйзамсыз жүрүш жасаган. Анын натыйжасында алар дагестанданык жана тажикстандык жарандарга туш келип, мушташып кетишкен.

Окуя болгон жерге полиция келип, мушташтын катышуучуларын кармап, алардын ичинен Амиршо Хусейнов гана камакка алынган.

Окуяга катышкан эки тарапты тең полиция учурунда кармаганы менен кийин урушту баштаган орус улутчулары бошонуп кеткен. Темир тор артында тажик мигранты Амиршо Хусейнов гана калган. Учурда ал Рублевский шоссесиндеги тергөө абагында кармалып турганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG