Ссылки доступа

Өзбекстанда студенттер соцтармактарга президентти мактаган билдирүүлөрдү жазууга мажбурланууда


Өзбекстанда Самарканд жана Анжиян мамлекеттик университеттеринин студенттерине социалдык түйүндөргө президентти мактаган комментарийлерди жазуу жана аны сындагандарга карата терс пикирлерди калтыруу көрсөтмөсү берилди.

Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы аталган окуу жайлардын студенттерине шилтеме кылып кабарлады.

Самарканд мамлекеттик университетинин Филология факультетинде окуган студенттердин айтымында, окуу жайдын жетекчилиги Facebook жана Youtube'дагы президенттин саясатын сындаган пикирлерди топтоп, студенттерди аларга карата терс комментарийлерди жазууга мажбурлоодо.

"Кураторубуз студенттерди Facebook'дагы президентти сындаган билдирүүлөрдүн алдына терс комментарийлерди жазууга мажбурлап жатат. Мен баш тартып, эки күндөн бери эч нерсе жазган эмесмин. Бүгүн мажбурлап, жазууга аргасыз болдум", — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген студенттердин бири.

Ал социалдык түйүндөрдөгү комментарийлердин тизмесин аларга декандын орун басары алып келгенин кошумчалады. "Алар бизден троллдор армиясын түзүүнү каалап жатышат. Эгер кимдир бирөө эркин оюн билдирсе, эмнеге ага жалган комментарий жазышыбыз керек? Адамдар эмне болуп жатканын өздөрү деле көрүп жатышат. Ар кимдин мээси бар. Декандын орун басары Миржалол Боботаев баш тарткандар окуудан чыгарыларын айтып коркутууда", — деди ал.

Студенттердин бул айткандары боюнча аталган окуу жайдын жетекчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Анжиян мамлекеттик университетинин студенттери менен окутуучулары тескерисинче, социалдык түйүндөрдө президентти мактаган комментарийлерди жазуу көрсөтмөсү болгонун билдиришти. Бирок окуу жайдын руханий-агартуу иштери боюнча проректору алардын айткандарын четке кагып, мындай көрсөтмө болбогонун айтууда.

Видео

Видео

Жайлоодогу көчмө мончо
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00
XS
SM
MD
LG