Ссылки доступа

Москвада "такырбаштар" менен мушташтан кийин кармалган тажик жараны эки айга камалды


Москвада улутчул такырбаштар (скинхеддер) менен мушташкандан кийин кармалган Тажикстандын 21 жаштагы жараны Амиршо Хусейнов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик "Фейсбук" баракчасына жазды.

"Амиршо Хусейнов курал колдонуу менен бейбаштык кылганын мойнуна алды. Анын адвокаты соттун бул чечими боюнча жогорку баскычтагы сотко кайрыла турганын билдирди", — деп жазды ал.

Хусейновдун жакындары ал мушташка аргасыздан катышып калганын, жанында эч кандай курал болбогонун билдиришүүдө. Алардын айтымында, бул иште Амиршо жабырлануучу болушу керек эле.

Күн мурун Тажикстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяны объективдүү жана ачык иликтөө талабы менен орус Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жөнөткөнү кабарланган.

23-июнда болгон окуянын күбөлөрүнүн айтымында, ал күнү Москванын Толбухина көчөсү менен "Орусия - орустар үчүн", "Москва - москвалыктарга" деген ураандар менен орус улутчулдар тобу мыйзамсыз жүрүш жасаган. Анын натыйжасында алар дагестанданык жана тажикстандык жарандарга туш келип, мушташып кетишкен.

Окуя болгон жерге полиция келип, мушташтын катышуучуларын кармап, алардын ичинен Амиршо Хусейнов гана камакка алынган.

Окуяга катышкан эки тарапты тең полиция учурунда кармаганы менен кийин урушту баштаган орус улутчулары бошонуп кеткен.

XS
SM
MD
LG