Ссылки доступа

Беларус жөө жарыш спорту боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажыратылды


Эл аралык жеңил атлетика федерациясы 2022-жылы жөө жарыш спорту боюнча дүйнө чемпионатын Минск шаарында өткөрбөө чечимин кабыл алды.

Уюмдун билдирүүсүндө ушу тапта мелдешти өткөрүү тууралуу башка шаарлар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы, анын жыйынтыктары жөнүндө кийинчерээк маалымат берилери жазылган.

“Мелдештерди башка шаарга которуу чечими тобокелдиктер боюнча комитет даярдаган атайын баяндама каралгандан кийин кабыл алынды. Баяндамада Беларус менен дипломатиялык мамилелердин анык болбой жатканы жана бул өлкөгө баруудагы чектөөлөр өңдүү тобокелдиктер белгиленген”, — деп жазылган билдирүүдө.

Өткөн аптада Минскте триатлон боюнча мелдешке катышып жаткан үч велосипедчи кармалып, соттун чечими менен экөө 15 суткага, бирөө 14 суткага камакка алынган. Буга алардын мелдеш маалында “нааразылык маанайдагы ураандарды кыйкырганы” себеп болгону кабарланган.

Буга чейин Минск Хоккей боюнча 2021-жылкы дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажыратылган. Мартта Эл аралык Олимпиада комитети Александр Лукашенконун улуу баласы Виктор Лукашенкону Беларустун Улуттук олимпиада комитетинин жаңы башчысы катары таануудан баш тарткан. Май айында Биатлончулардын эл аралык бирлиги 2022-жылы мартта өтө турган Биатлон боюнча дүйнө кубогун Беларустан Финляндияга которуу чечими кабыл алынганын жарыялаган. Анда мындай чечим кабыл алууга “Беларустагы соңку кырдаал” себеп болгону кабарланган.

Мындан тышкары Беларус Классикалык пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажыратылып, мелдештерди Швецияда өткөрүү чечими кабыл алынган.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG