Ссылки доступа

Өзбекстан Ооганстан менен чек арасын көзөмөлдөөнү күчөттү


Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Ооганстан менен чектеш ондон ашык айыл, шаарларында паспорттук көзөмөл күчөтүлдү.

Ушул тапта Ооганстандын Өзбекстан менен чектеш аймактары талибдердин көзөмөлүндө. 23,26 жана 27-июнда Балх провинциясынан Өзбекстанга 53, 3 жана 44 ооган аскери качып кирген.

Ооганстан менен 137 чакырым аралыкта жайгашкан Музрабад району менен Термез шаарында жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Музрабад районуна караштуу Юсуф Жамолов маалеси Ооганстан менен чек араны кесип өткөн Амударыянын түндүк жээгинде жайгашкан. Айылдын активисттеринин биринин айтымында, жергиликтүү жашоочулар Ооганстандагы согуштук аракеттерден кабардар:

“Жоокерлер чек араны дайыма кайтарып турушат. Тикенек тосмолордо камералар орнотулган, жакын жолотушпайт. Эгер жакын барсаңыз, сизди тез эле кармап алышат, ал жакта көзөмөл катуу”.

Июндун башынан бери Ооганстандын түндүгүндө талибдердин чабуулу күчөдү. Акыркы он күндө талибдер Өзбекстан менен чектеш Ооганстандагы беш райондун борборун басып алышты. Бир нече жолу ооган аскерлери Өзбекстан аймагына качып кирүүгө аргасыз болду. Ташкент тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзгөндөн кийин аларды мекенине өткөрүп берди.

Өзбекстандын Коргоо министрлиги күн мурун авиация, артиллерия жана минометтук бөлүктөрдүн катышуусунда аскердик машыгуу өткөрдү.

Бул арада Душанбе талибдердин туткунунан качкан 10 миңдей ооганды кабыл алууга даяр экенин билдирди. Ошол эле маалда Тажикстан качкындардын саны 30 миңден көп болушу ыктамыл деп кооптонууда.

Талибандын чабуулуна карабай, АКШ 11-сентябрга чейин Ооганстандагы аскерлерин алып чыгуу жөнүндөгү планын өзгөртпөй турганын кабарлады.

Видео

Видео

Олимпиада: Кыргызстан бир күндө эки медал алды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
XS
SM
MD
LG